Дүрбөлөңгө түшпөңүз! ИИМ телефон шылуундарын кантип аныктаса болорун айтты

Адатта тез арада акча которуу зарылчылыгын айтып, башкалар менен сүйлөштүрбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги телефон чалган шылуундар менен кандай сүйлөшүү керектигин түшүндүрдү.
Адатта телефон чалган алдамчылар тез арада акча которуу зарылчылыгын айтып, адамдын аракетине карап психикалык басым жасоого өтүшөт.

"Алардын шарттарына макул болмоюнча сизди башка бирөөлөргө чалышыңызга жана түшүндүрмө сурашыңызга аябай тоскоолдук кылат. Мындайда дүрбөлөңгө түшпөй, шашып чечим кабыл албай, алар кеп кылып жаткан тиешелүү банкка, фирмага же жакын адамдарыңызга чалып маалыматты тактап алыңыз. Сизге чалган адамды акырын угуп, жагдайдын чоо-жайын шашпай сурай баштаганда эле шылуун экени белгилүү болот", — деп билдирди ИИМ.

Ошондой эле күмөн жараткан адамдан чалуу болгондон кийин ал тууралуу милицияга кабарлоо сунушталат.
Соцтармакта шылуундар кантип алдайт? Милиция коргонуу эрежелерин сунуштады