"Россияда эмгектенген кыргызстандыктар ал жакта да маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышып, ийгиликтерге жетишип келишет. Биздин Урал федералдык округунда, анын ичинде Тюмень шаарында да спорт мелдештеринде жакшы орундарды багындырган улан-кыздар, "Ак шоола", "Байчечекей" деген сыяктуу бий топторубуз бар. Бул жердеги балдардын арасында мекенин такыр көрө электери, өтө кичинекей кезинде гана Кыргызстандан кетип калгандары кездешет. Жыл сайын Россияда жашаган башка улуттун өкүлдөрү жайкы каникулга балдарын өз мекендерине алып кетип, ата конушун тааныштырып келишкенин көрүп, качан биздин балдарга да ушундай шарт түзүлөт дечүбүз. Алар бул программалар өз мамлекеттери тарабынан уюштуруларын айтып, бизди кызыктырышар эле. Биз дагы 1-2 ирет өз каражатыбызга, демөөрчүлөрдүн жардамы менен балдарды Кыргызстанга алып келип, эс алдырып, таанытып кетүүгө аракет кылдык. Бирок бул ирет биздин маданият, спорт жаатында ийгиликтерге жетишкен 10 жаштан 18 жашка чейинки 100 баланы мамлекет өзү чакырып, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу борборунда 10 күн акысыз эс алдырды. Балдарга кыргыздын каада-салты көрсөтүлүп, "Рух-Ордо" маданий борборуна, Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый музейге саякатка чыгып, күн сайын мекенди таанытуучу ар кандай долбоорлор уюштурулуп жатты. Өспүрүмдөр сезимдерин сөз менен айтып жеткире албай кубануу менен кайтышты", — деди Сманова.