"Сары-Челек — биосфералык аймак ичинде адамдар жашаган жалгыз корук. Советтер Союзу учурунда корук жаңыдан түзүлгөндө бул жерде 30-40 гана үй-бүлө туруп, көбүнесе ошол жерде иштегендер эле. Эгемендүүлүк алган жылдардын башында биосфералык зонанын аймагында турак үйлөр көбөйүп, жерлер берилип кеткен. Учурда 249 түтүн бар, ал жакта там куруу үчүн жер тилкеси берилбейт. Аркыт айылынын тургундары да өздөрү жашап жаткан жерге каттоого тура алышпайт, мындан сырткары, бир топ экологиялык тыюулар да бар. Ал эми туристтердин келиши — бул атайын түзүлгөн маршруттар жана мыйзамдуу көрүнүш. Бирок анын да саны чектелүү болушу керек эле, тилекке каршы, айрым учурларда корукка кирип-чыккан адамдардын саны көрсөтүлгөн нормадан ашып кеткен кездер катталат. Албетте, мунун баары коруктун абалына терс таасирин тийгизип жатат. Биз жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул жаатта иштерди алып барып келебиз. Коруктун өзүнө киши киргизбөөгө, анда келип эс алгандарга тазалыкты сактоо, желим бөтөлкө жана башка таштандыларды коруктун аймагынан алып чыгып кетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Корукта учурда 40ка чукул адам иштесе, анын бирөө гана илимий кызматкер. Коруктардагы илимий кызматкерлерди буга чейин кыскартып отуруп, абал ушуга келип жеткен. Эми биздин министрлик илимди коруктун чарба иштеринен бөлүп кароо боюнча да аракеттерди көрүүдө", — деди Акулов.