Кардиолог: сасык тумоо, ичимдик жүрөктүн иштөө ыргагын бузат

Бул ооруну убагында дарылабаса, адамды майып кылып коюшу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов кайсы азыктар, суусундуктар жүрөктүн согуу ыргагын бузарын тизмектеп берди.
Анын айтымында, жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушун медицинада аритмия деп коюшат. Эгер аны убагында дарылабаса, адамды майып кылып, өлүмгө кептейт.
"Аритмиянын түрлөрү абдан көп. Эң жөнөкөйү стресс абалында жүргөндө, дене табы көтөрүлгөндө, ашыкча тамак жеп койгондон пайда болот. Майлуу, туздуу тамактар, спирт ичимдиктери, энергетиктер менен газдалган суусундуктар да аритмияга алып келет. Кээ бир өнөкөт ооруларга карата ичилүүчү дары-дармектердин көрсөтмөсүн караш керек. Анткени жүрөктүн иштөө ыргагын бузган дарылар да бар. Бул дарт адамдын жашоо, тамактануу эрежелерине, кесип өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Сасык тумоодон, спирт ичимдигин көп ичкенден, уулуу заттарды колдонуп же анын жанында иштегенден улам да жүрөктүн иштөө ыргагы бузулат. Мисалы, машина боёгондордун ден соолугуна боёктун жыты кедергисин тийгизбей койбойт", — деген кардиолог.
Медик жүрөктүн согуу ыргагы бузулганын ар бир адам ар кандай сезерин айткан. Маселен, айрымдарга жүрөгү бир эле жолу тез-тез соккону сезилсе, кээ бири эс-учун жоготуп коёрун кошумчалаган.
Кардиологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Албарсты басабы же баспайбы? Психиатрдын уйку параличи тууралуу кызыктуу маеги