Радио

Темиров: быйыл Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 2,5 эсе өсөт

Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров быйылкы жылга пландалган пайда тууралуу айтып берди.
Sputnik
Быйыл Жогорку технологиялар паркынын резиденттери 4-5 миллиард сомго чейин киреше табуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кирешенин өсүшүн дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам өлкөгө көп компаниялардын келиши шарттаган.
"Жогорку технологиялар паркы тууралуу мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Ар кандай маселелер чечилип отуруп, парк 2013-жылы иштеп баштаган. Алгач үч компания резидент болуп кирген. 2017-жылга чейин өсүш байкалганы менен жетиштүү деңгээлде болбой жатты. Кийинки жылдарда, ал тургай пандемия учурунда дагы аталган парк жакшы көрсөткүчтөрдү берген. 2020-жылы айлантуудагы каражат бир миллиард, 2021-жылы эки миллиард сомдон ашты. Ал эми 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен биздин компаниялар 800 миллион сомго чукул табышты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 130 пайызга көп. Жарым жылдыкта бул көрсөткүч эки миллиард сомдон ашат деген ниетте турабыз. Украинадагы окуялардан улам өлкөгө көптөгөн компаниялар келип, ушундай жыйынтыктар болууда. Жылдын соңуна чейин 4-5 миллиард сом менен жыйынтыктоо пландалып жатат", — деди Темиров.
Ошондой эле ал Салык кодексинин айрым нормалары IT тармакка түйшүк жаратып жатканын кошумчалады.