Радио

Абакирова: быйыл аймактар үчүн да жарым марафон уюштурулат

Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова "Toyboss Snow Leopard Run – 2022" жарым марафонуна 5000 адам катышары күтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Ак илбирсти сактоо боюнча жылда өткөрүлүүчү жарым марафон быйыл аймактарда да онлайн уюштурулат. Бул тууралуу Айгерим Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жөө күлүктөрдүн жарышы 25-сентябрда өтөт.
"Жарым марафонго быйыл 5000дей адамдын катышары күтүлүп жатат. Алардын 2000ге чукулу учурда каттоодон өттү. Жарыш Бишкек шаарында "Ала-Тоо" аянтынан башталып, маршруту боюнча борбор калаанын негизги көчөлөрүндө чуркашат. Каалоочулар бир чакырым, беш чакырым, 14 жана 21,1 чакырымга чуркай алат. Жылдагыдан айырмаланып быйыл аймактар да уюштурулат. Республиканын бардык жеринде каалоочулар бизге онлайн туташса болот. Жарым марафонго катышууну каалагандар 15-сентябрга чейин биздин социалдык тармактагы баракчаларыбызга байланышып же менеджерлерибизге чалышы шарт", — деди Абакирова.
Ал кичинекей бөбөктөр да аталган марафонго катышса болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын медиа өнөктөшү.