БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Талас облусунда мектеп директору болууга ат салышкандардын арасынан 24 талапкердин (катышуучулардын 32 пайызы) көрсөткүчү босого баллдан ашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Тестирлөө 17-августта Талас мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.
Облус боюнча сынакка катышуу үчүн 113 талапкер документ жөнөткөн. Алардын 37си документтерин толук тапшырбагандыктан тестирлөөгө катыша алган жок.
Сынакта 75 талапкер өз күчүн сынап көрдү.