УКМК БРДМ-2 техникасы кандайча ишкердин колуна өтүп кеткенин түшүндүрдү

52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын сооттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү "Калашников" танк пулемёту табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Үмүт и Ко" ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Ж.Т. аттуу адамдын үйүнөн табылган сооттолгон ГАЗ 41 БРДМ-2 техникасы 2017-жылы Россиядан сатып алынган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Бишкекте курал-жарак жана жарылуучу каражаттарды мыйзамсыз сактоого шектелип "Үмүт и Ко" ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Ж.Т. кармалган. Атайын кызмат билдиргендей, 52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын сооттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү "Калашников" танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар алынган.
УКМКнын маалыматы боюнча, 1988-жылы чыгарылган ГАЗ 41 БРДМ-2 2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Автотранспорт каражаттарын жана аба кемелерин каттоо департаменти тарабынан кар жана сазда жүргөн автоунаа катары катталып, ага 08 KG 998 CA мамлекеттик номери берилген. Транспорт кармалган ишкердин наамына катталганы айтылды.
Бизнесменди кармады. УКМК сооттолгон техникадан атып жаткан видеону көрсөттү