Шевченко атаандашы Нуньес менен болчу беттеши тууралуу үн катты

Аялдар арасында эң жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко эзелки атаандашы Аманда Нуньес менен болчу кармашы боюнча пикирин билдирди.
Sputnik
Нуньес жакында болгон UFC 277 турниринде Жулианна Пеньяны жеңип, жеңилирээк салмак категориясындагы чемпиондук курун кайтарып алды. Таймаштан кийин UFC башчысы Дана Уайт эң жеңил салмактагы чемпиондук наамдын ээси Валентина Шевченко менен жеңилирээк салмактагы Аманда Нуньестин ортосундагы үчүнчү кармашты уюштуруу ыктымалдыгы туурасында айткан.
"Бир нерсе болот же болбойт деп кечке ойлоно берүүнүн кандай кажети бар. Эгер сааты чыкса, демек болот, түйшөлүүнүн кереги жок. Бир билгеним, бул кармаш эртеби-кечпи өтөт. Бирок менин көз карашым мындай: UFC дүйнөдөгү эң чоң промоушен болгондуктан ММА тарыхында аялдар арасындагы эң ири таймашты уюштурат. Ал эми биздин кармаш бардык жагынан кынтыксыз өтүшү керек. Убактысы, күнү, өтө турган жери эле эмес, эки тараптагы спортчулар үчүн шарттар да ыңгайлуу болушу зарыл. Бул ири окуя болгондуктан бардыгы түзүлгөн шартка канааттанышы зарыл. Андыктан ал мыкты даярдыкты талап кылат", — деген Валентина.
Шевченко атаандашы Нуньес менен эки ирет кездешип, жеңилип калган. Биринчисинде 2016-жылы Аманда калыстардын бир ооздон чыккан чечими менен уткан. Экинчисинде 2017-жылы эки тараптын чечиминин нигизинде жеңишке жеткен.