Путин Балидеги G20 саммитине катышат. Кимдер менен жолугушу мүмкүн

"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ноябрда Балиде өтө турган G20 саммитине катышат. Бул тууралуу жыйынга төрагалык кылган Индонезиянын лидери Жоко Видодонун Bloomberg агенттигине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы Путин Видодо менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.
"Президент Путин келерин айтты. Андан тышкары, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дагы катышары күтүлүүдө", — деди Индонезиянын башчысы.
Путин кимдер менен жолугушу мүмкүн
Албетте, дүйнө коомчулугу үчүн Россия президенти Владимир Путин менен Украинанын башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусу маанилүү. Бирок эки президенттин G20 саммитинин алкагында жолугушуусу тууралуу азырынча сөз болбогонун Индонезиянын Россиядагы элчиси Хосе Таварес билдирди.
"Индонезия эки өлкөнүн ортосундагы диалогду жандантууну каалайт. Бирок бизге Украина тараптан президент Путин менен жолугушуу үчүн аянтча түзүп берүү боюнча өтүнүч түшкөн жок", — деди элчи.
Мурдараак Украинанын президенттик администрациясынын өкүлү Михаил Подоляк G20 саммитине Путин катышса, Владимир Зеленский дагы барарын айткан эле.
Ошондой эле Индонезия Балиде Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байдендин жолугушуусун уюштуруп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Балидеги саммит

"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кылган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Россиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракет кылган. Бирок Жакарта Россияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан.
G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.
Эрдоган менен Зеленскийдин жолугушуусундагы урунттуу учурлар