Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов Ташкентте ШКУдагы коопсуздукту талкуулады

Марат Иманкулов сөз сүйлөп жатып ШКУ аймагында коопсуздуктун абалы Афганистандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын XVII жолугушуусуна катышты.
Иш-чара Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.
1 / 2

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын XVII жолугушуусуна катышты

2 / 2

Иш-чара Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү

Иманкулов иш-чарада сүйлөп жатып ШКУ аймагында коопсуздуктун абалы Афганистандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, афган маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын негизги приоритети экономиканы жандандыруу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү болушу керектигин белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы чакырык, коркунучтар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кооптуу көрүнүштөрдү жок кылууга комплекстүү мамилени талап кылып жатканын кошумчалаган.
"ШКУ геосаясий өнүгүүнүн маанилүү борборлорунун бири болуу менен "үч коркунучка" (террорчулук, экстремизм, сепаратизм) каршы туруу боюнча коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат", — деди Иманкулов.
Россия: "Талибандын"* тушунда Афганистандан Борбор Азияга баңгизат агымы көбөйдү