БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата жана залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук "Манас" театрынан билдирди.
Бул ирет да салтка айлангандай эле кош байге коюлуп, жалпы байге фонду үч миллион сомду түзөт. Төкмө акындарды тандоо туру 22-август күнү “Манас” кинотеатрында саат 10:00дө башталат. Жарым финал жана финалдык бөлүгү 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 18:00дө болот.
Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Sputnik Кыргызстан.