Мектеп директорлорунун сынагы: Чүйдө 69 талапкер жогорку балл алды

Сынакты Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо боюнча улуттук борбор өткөрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чүй облусунда мектеп директору болууну каалаган 182 талапкердин ичинен 69у жогорку балл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алар 17-август күнү Бишкектеги Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.
"Жыйынтык боюнча 69 талапкер босого баллдан жогору упай топтоду. Бул тестирлөөнүн катышуучуларынын 38 пайызын түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, сынакты Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо боюнча улуттук борбор өткөрүүдө.
Талас: мектеп директору болгусу келген 75 кишинин 24ү сынактан өттү