БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жүрүш боюнча демилгени майыптыгы бар адамдардын "Теңдик" союзу көтөрүп, "Бизсиз эч нерсе маанилүү эмес" деген лозунгдун алдында өтүүдө.
Иш-чарага 40ка чукул адам катышып жатат, алар Чолпон-Атадан чыгып Караколго чейин 135 чакырымды басып өтүшөт. Марштын максаты — майыптыгы бар адамдарга карата стереотип жана стигмаларды азайтуу.
Иш-чаранын башталышына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышкан. Анын айтымында, өлкөдө ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миң жаран жашайт, алардын 35 миңи 18 жашка чейинкилер.
"Бүгүнкү күндө мындай категориядагы жарандарга болушунча көңүл бурулууда. Майыптыгы бар балдардын жана чоңдордун жөлөк пулу эки эсе жогорулады. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул 50 пайызга көбөйдү. 2021-жылдын 1-декабрынан баштап ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган жардамчыларга айына 6 300 сомдон берилүүдө. Мындай кызматты 8,5 миң бала алат. Быйыл 1-июндан тарта бала кезинен бери I топтогу майыптыгы бар (18 жаштан жогорку бирөөнүн кароосуна муктаждар) адамдын жардамчыларына да төлөнө баштады", — деди Базарбаев.
Мындан сырткары, мамлекеттик реабилитациялык борборлор курулуп жатканын кошумчалады.