БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Улуу Британияда баанын жогорулашынан улам гуманитардык каатчылык коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо кызматына таянып РИА Новости жазды.
Британиянын коомдук саламаттык сактоо уюмдары кирген ассоциациянын аткаруучу директору Мэтью Тейлор суук, тамактын тартыштыгы ар кандай ооруларды пайда кыларын эскерткен.
"Өлкөнү гуманитардык каатчылык тооруп жатат. Көпчүлүк суукта үйдү жылытыш үчүн тамактан баш тартышы мүмкүн. Же болбосо муздак, нымдуу үйдө жашашы ыктымал. Бул өз кезегинде ар кандай ооруларды пайда кылат", — деген Тейлор.
Аталган ассоциация өлкөнүн финансы министринен ооруканалар кышында бейтаптарга толуп калбашы үчүн мамлекет жарандарга электр энергиянын акысын төлөш үчүн кошумча жардам беришин талап кылышкан.
Тейлордун божомолунда, Британиянын саламаттык сактоо системасы үчүн бул кыш оңой болбойт.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Биринчи кезекте Европа Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөп жатат. Москва бул кадамдарды экономикалык согуш деп атап, мындай сценарийге даяр экенин белгиледи. Ошол эле маалда Батышта чектөөлөр күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасынын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө түрткү болгон.