Бишкекте бала бакча өрттөнүп жатат. Видео

ӨКМ толук маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Ташкент көчөсүндөгү бала бакча өрттөнүп жатат.
ӨКМ тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 11:19да түшкөндүгүн, ал жерге өрт өчүрүүчү төрт бригада чыгып кеткендигин билдирди.
Бул имарат Жибек жолу проспектисинен ылдыйыраак жайгашкан "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын маңдайында.
ӨКМ толук маалыматты кийинчерээк берерин айтты.
Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз өрт чыккан бала бакчанын ичиндеги бөбөктөрдүн "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын имаратына эвакуациялангандыгын билдирди.
"Таатандан" чыккан өрт өчүрүлдү. Видео