Наркоздогу адам аң-сезимин жоготуп, булчуң эттери бошоп, рефлекстери басаңдап, операция жасоого кеңири мүмкүнчүлүк берилет. Анестезиологдор операция убагында ички органдардын иштешин көзөмөлдөп турабыз. Мисалы, кан басымы түшүп кетсе аны препараттардын жардамы менен көтөрүп, ошондой эле бейтаптын кан басымына жараша ооруну басаңдатуучу дармектер сайылат. Бейтаптын операциядан кийин наркоздон чыгып кетишин да көзөмөлдөйбүз. Бул тууралуу Нурзат Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реаниматолог-анестезиолог дарыгерлер чет мамлекетке чыгып кеткен учурлар болгондуктан, өлкөдө бул адистердин саны аз.
"Анестезия байыркы убактан бери хирургиялык жана башка кийлигишүүлөр учурунда ооруну басаңдатуу үчүн колдонулуп келет. Мурда адамдар ооруну басаңдатуу үчүн спирт ичимдиктерин жана баңгизаттарды колдонушкан. Бүгүнкү күндө дары-дармек, анальгетиктердин көптөгөн түрү бар. Ал эми наркотикалык заттар өтө оор учурларда, анын ичинде онкологияда гана колдонулат. Анестезия кесчү жерге, ошол зонага жана жалпы болуп жасалып, ар бир түрү бейтаптын абалына, жасалуучу операциянын түрүнө жараша колдонулат. Ошондой эле бир нече дарыларды колдонуу менен мультимодалдык анестезия сайылат. Ал бир эле учурда ооруну эффективдүү басаңдатуучу жана терс таасирлерин азайтуучу каражат. Учурда биздин ооруканада мурункуга караганда бардык шарттар бар, жабдыктар жетиштүү. Операциянын бардык түрүнө наркоз бере алабыз", — деди Жумалиева.
Ал анестезиолог реанимация кыла алгандай эле реаниматолог да анестезиологиянын негиздерин билиши керектигин кошумчалады.