Акылбек Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен сүйлөштү

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына өзгөчө басым жасалды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жасалды.
Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык аракеттерди күчөтүү боюнча сөз болду.
Кытайлык дарыгерлер 550 кыргызстандыкка акысыз операция жасоого даяр