Адамзаттын өткөнү менен келечегин үч мүнөткө сыйдырып. Укмуштуудай видео

Бул эмгек "Убакытка саякат" деп аталат. Видео табышмактуу аяктайт.
Sputnik
Бельгиялык сүрөтчү Ксандер Стинбрюгг StableDiffusion нейротүйүнүнүн жардамы менен Жердин тарыхы жана келечеги тууралуу үч мүнөттүк ролик жараткан. Анда Жер жүзүндө жаңыдан пайда болгон тирүү организмден тарта тоталдык урбанизация, космос аралык саякатка чейин көрсөтүлгөн.
Бул видеодо адамзаттын келечеги так аныкталган жана көрсөтүлгөн эмес. Бирок Жердин жок болуп, башка планетага көчүрүлгөнү, адамдардын башка бир нерсеге айланып кеткенин байкоого болот.
Тема боюнча:
Метеорит сымал. Илон Масктын спутниктеринин жерге жетпей жарылган видеосу