Жумгал районунда 1,5 тоннага чукул кара куурай жок кылынды. Сүрөт

Арал, Байзак, Чаек айылдарына атайын посттор коюлуп, район аймагына келген автоунаалар текшерилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунда бир жарым тоннага чукул кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдирген.
1 / 2

Нарын облусунун Жумгал районунда бир жарым тоннага чукул кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

2 / 2

Маалым болгондой, республиканын аймагында өткөрүлгөн "МАК-2022" алдын алуу ыкчам иш планынын негизинде Нарын облусунун Жумгал районунда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында иш-чаралар өткөрүлдү.

Маалым болгондой, республиканын аймагында өткөрүлгөн "МАК-2022" алдын алуу ыкчам иш планынын негизинде Нарын облусунун Жумгал районунда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында иш-чаралар өткөрүлдү. Жумгал районунун Арал, Байзак, Чаек айылдарына атайын посттор коюлуп, район аймагына келген автоунаалар текшерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө Жумгал райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте жалпысынан 1,5 тоннага жакын кара куурай өрттөлүп жок кылынган.
Ошто милиция беш тонна кара куурайды өрттөдү. Сүрөт