Ысык-Көлдө турак үй дарыянын ортосунда калды. Сүрөт

Суунун нугун калыбына келтирүү үчүн жерине атайын техника жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда шагыл көчүп, кесепетинен турак үйдүн тегерегин суу каптап калды.
1 / 2

Ысык-Көл облусунда шагыл көчүп, кесепетинен турак үйдүн тегерегин суу каптап калды

2 / 2

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя Сырт жайлоосунда болгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя Сырт жайлоосунда болгон. Тоодон куюлуп түшкөн шагыл Балгарт дарыясынын нугун буруп, натыйжада суу үйдү курчап ага баштаган.
Дарыянын нугун калыбына келтирүү үчүн жерине атайын техника жөнөтүлдү.
Чүй: катуу шамал Мраморный айылында 17 үйдүн чатырын алып, эл жарыксыз калды