Sputnik Кыргызстандын журналисттер тобу Мариуполго аттанып, шаардагылар жана анын чет жакасындагылар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан кийин кандай күн кечирип жаткандыгын тартып келишти.
Старокрымский мүрзөсүндө жаңы казылган миңдеген жайдан турган жер пайда болду. Алардын бир катарына кресттер, кээ бирлерине номерлер жазылган картон табличкалар илинди.
Екатерина Трюхан 1003 деген номерлүү жайды издеп жүрөт, себеби ал жерде уулу жатат. Баласы Мариуполдо үйүнүн жанында минанын чачырандылары тийип көз жумган.
"Мени да урандылар басып калганда бутумдан сууруп чыгышты. 17-мартта таанышымды жиберсем, ага кошуналар балам эки жума мурда каза болгонун айтышыптыр. Ансыз кантип жашайм эми...", — деп ыйлап жатты Екатерина Семеновна.
Баласы көмүлгөндөн кийин эле эне жакшы баса албаса да мүрзөгө келип, уулу жаткан жайга гүл коюп кеткен. Бир нече убакыттан кийин кайра келип, бирок миңдеген мүрзөнүн арасынан уулунукун табуу кыйынга турду. Айласы кетип, эненин үмүтү үзүлүп бара жаткан эле, анткен менен оңдой берди болуп баласы көмүлгөн жерди таап алды.
Тема боюнча: