УКМК Бишкекте жаңы имараттуу болду. Сүрөт

Имарат толук зарыл болгон техника менен жабдылганын, иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Борбор калаада УКМКнын жаңы имараты ачылганын аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
Бул жерде ведомствонун ардагерлеринин кеңеши да жайгашат.
1 / 4

Борбор калаада УКМКнын жаңы имараты ачылганын аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлады

2 / 4

Бул жерде ведомствонун ардагерлеринин кеңеши да жайгашат

3 / 4

Имаратты пайдаланууга берүүгө байланышкан салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан

4 / 4

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарынын талаптарына жооп берет, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган

Имаратты пайдаланууга берүүгө байланышкан салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан.
"Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарынын талаптарына жооп берет, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип, ошондой эле коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин академиясы курула баштады. Сүрөт