Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

The Telegraph: Батыш үч айдан кийин Киевге болгон кызыгуусун жоготот

Макалада айтылгандай, учурда Европа өлкөлөрү пайдасынан зыяны көп мындай "достуктун" күнгөй-тескейин таразалап жаткан кез.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Украинага жардам берип жаткан Батыш өлкөлөрү үч айдан кийин Киевди колдоого кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу The Telegraph гезитинин баяндамачысы Ричард Кемп өз макаласында жазды.
Автордун айтымында, учурда Европа өлкөлөрү пайдасынан зыяны көп мындай "достуктун" күнгөй-тескейин таразалап жаткан кез.
"Газ экспортунун кыскарышы, баанын көтөрүлүшү карапайым элдин нааразычылыгын жаратты. Андыктан бийликти Украинага карата ыксыз милдеттенмелер менен Россияга каршы катаал санкцияларды кайра карап чыгууга мажбурлоо болушу мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Эгер кышында атайын операция "туруп калса", Владимир Зеленский өз өнөктөштөрү тарабынан кысымга кабылышы ыктымал экени дагы айтылды.
Кемп жазгандай, европалык басылмалар азыр Украина маселесине караганда ички саясий жана экономикалык көйгөйлөргө көп көңүл бура баштады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Россияга жаңы санкция киргизүүдөн сестенип жатат