БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу SputnikPro долбоорун улантат.
Шейшемби, 23-августта, саат 15:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда Telegram-канал ачып иштетүү боюнча мастер-класс уюштурулат. Аны жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика мамлекеттериндеги Sputnik мультимедиалык борборлорунун дирекциясынын продюсери Мария Кабанова өткөрөт.
Белгилей кетсек, Кабанова ондогон мамлекетте Telegram каналдарын иштетип, аны ачуу, алып баруу, аналитика жана иштетүүдөгү тажрыйбалуу адис болуп саналат.
Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн (0312) 98-69-38, (0312) 98-69-33, (0708) 17-54-10 телефондоруна чалып же n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине кат жиберип коюңуз.
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиаменеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.
Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып Беларустун, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиакоомчулугунун жогорку баасын алган.
Sputnik — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМК. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.
Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.