Радио

Асанбекова: сырадагы фитоэстроген эркектердин гормонун бузат

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Венера Асанбекова сыранын курамында аялдардын эстроген гормонуна окшош фитоэстроген заты бар экенин айтты.
Sputnik
Сыра алкоголдук ичимдик болуп саналат жана андан эч кандай пайда жок. Курамында аялдардын жыныстык гормондоруна окшош заттар болгондуктан сыра ичкен эркектин гормондору олуттуу өзгөрүүгө туш болот. Алсак, сыранын курамындагы фитоэстрогендер — эркектин эң маанилүү гормону болгон тестостерондун онтогонисти. Узак убакыт сыра ичкен эркек кишилердин гормону аялдардыкына окшошуп калат да, курсагы, төшү чыгып, семирет. Бул тууралуу Венера Асанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сыраны көп ичкен аялдар, тескерисинче, далылуу болуп, үнү жооноюп, эркекке окшошо баштайт.

"Сырага болгон көз карандылык психологиялык оор илдеттердин катарына кирет. Эл аралык классификацияда сыра алкоголизми деген диагноз жок. Бирок бул спирт ичимдигине болгон көз карандылыкка кирет. Сыра алкоголизми төрт стадияга бөлүнөт. Баштапкы стадиясында адам күнүнө 0,5-1 литр сыра ичет. Бул адамдар ичимдикти допинг катары күнүмдүк жашоодогу маселелерден алаксуу, стресс, депрессиядан арылуу же достору менен чер жазуу үчүн ичишет. Эртеси күнү башы ооруп, кайра сыра ичкиси келбейт. Биринчи стадияда бейтапта сырага психологиялык жактан көз карандылык пайда болот. Мында күнүнө сыра ичүүгө өтөт. Себеби ичпесе кыжырданып, жинденип, тынчсызданып же ыйлаак болуп калат. Экинчи стадияда психологиялык көз карандылыкка физиологиялык көз карандылык кошулат. Бейтап сыра ичпесе башы ооруп, жүрөгү бат-бат согуп, мурдагыдан да кыжырланып, жумуштан калып же үй-бүлөсүндө маселе жаралат. Ал эми үчүнчү стадияда тынбай айлап-жылдап ичүү башталат. Ушул учурда адамда бир нече оору (жүрөк оорусу, семирүү, гормондордун бузулушу ж.б) да пайда болот. Учурда Республикалык психиатрия жана наркология борборунда спирт ичимдигине көз каранды 34 миң адам каттоодо турса, анын төрт миңи аялдар", — деди Асанбекова.

Ал сырадагы фитоэстроген гормондорду бузса, формалин канцерогени рак ооруларын чакырарын, ал эми ичимдиктин көбүктүү болушу үчүн кошулган кобальт заты организмди ууландырарын кошумчалады.