Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Видео

Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Нарын облусундагы Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эске салсак, аталган кенди иштетүүгө жергиликтүү эл макул эместигин жана нааразылыгын бир нече ирет билдирген. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кенди иштетип жаткан кытай компаниясынын лицензиясын кайрадан карап чыгуу демилгеси да көтөрүлгөн.
"Президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин "жол салып жатышат, жаратылышыбыз талкаланат" деген үнүн уккан. Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди", — деп кабарлады Султанбаев.
Маалымат катчы кенди иштеткен компания элге компенсация төлөп берерин жана алтын алына баштаганда акчанын суммасы көбөйөрү туурасында айткан.
"Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн азырынча жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат", — деп айтылган билдирүүдө.
Буга чейин, тагыраагы, 2019-жылдын 9-августунда аны иштеткен кытайлык Zhong Ji Mining Company компаниясы менен элдин ортосунда чатак да чыккан.
Солтон-Сары кени Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында жайгашып, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Алтын кен "Кыргыз алтын" ААКсына карайт. Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге геологдордун божомолу боюнча, баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн.
Садыр Жапаров Солтон-Сары алтын кенине барып, эл менен жолукту. Видео