БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин жыйынында Бишкек шаарында уюшкан эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Борборун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чара 18-августта Ташкент шаарында болду. Ниязбеков көп нерсе трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, террорчулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, киберкылмыштуулук жана адам сатуу менен күрөшүүдө бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүгө байланыштуу экендигин белгиледи.
"ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кылмыштардын бетин ачууда өз ара иштешүүсү жана маалымат алмашуу боюнча активдүү иштер артыкчылыктуу багыт болуп саналат", — деген министр.
Министр сунушталган борбор Кыргызстан үчүн гана эмес, Орто Азия аймагы үчүн да өтө зарыл болорун баса белгилеген.