РФ ТИМи азык-түлүк экспорттоо боюнча БУУ менен иштешип жатканын айтты

ТИМ өкүлү БУУнун аракеттери Россия каалаган жыйынтыкты бере электигин айтып, иш уланып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Россия жер семирткич, дан жана башка азыктарын сыртка алып чыгууга коюлган бөгөттү жоюу үчүн БУУ менен тыгыз кызматташууда. Бул маселе жоюлмайын азык-түлүк жаатындагы көйгөй чечилбейт. Мындай пикирин ТИМдин Эл аралык уюмдар департаментинин директору Петр Ильичев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага ылайык, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш шаршемби күнү Львов шаарына барган. Ал жактан Гутерреш Владимир Зеленский жана түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен үч тараптуу жолугушууга катышары айтылууда. Жума күнү ал Одессада болуп, андан кийин азык-түлүк келишиминин алкагында Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борборго барат.

"Россиянын азык-түлүгүн, жер семирткичтерди жана аларды өндүрүү үчүн сырьёну дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча БУУнун өз милдеттерин аткаруусуна байланыштуу төмөндөгүлөрдү белгилегим келет: катчылык менен тыгыз кызматташып жатабыз. Алар өз кезегинде Вашингтон, Брюссель жана чет өлкөлүк менчик компаниялар менен иш алып барууда. Эл аралык азык-түлүк рыногунун турукташып калышына дүйнө жүзү, өзгөчө, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кызыкдар", — деди Ильичев.

Ал тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө россиялык компаниялар кабылган Батыштын жасалма бут тосуулары жоюлмайынча жеткирүү түйүндөрүн калыбына келтирүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү кыйынга турарын белгилеген.
"Азырынча БУУнун аракеттери биз каалаган жыйынтыкты бере элек. Бирок иш уланып жатат. Жакшыдан үмүт кылалы", — деген дипломат.
Эске салсак, 22-июлда Россия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Россиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документтерге Стамбул шаарында кол коюшкан. Ага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу катышкан.
БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси күтүлүп жатканын бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин эгинин чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.
БУУнун азык-түлүк келишими боюнча туруктуу координатору дайындалды