Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата парктарда жандуу концерт уюштурулат

Майрамдык иш-чаралардын баары саат 18:00дө башталат, кирүү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ош шаарынын тургундары жана коноктору үчүн Эгемендүүлүк күнүнө карата жандуу үн менен концерт тартууланат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Концерттин программасы:
19-августта Манас-Ата кичи районунда;
23-августта "Ак-Ниет" эс алуу багында;
26-август Токтогул атындагы сейил бакта.
Майрамдык иш-чаралардын баары саат 18:00дө башталат, кирүү акысыз.
Аны Ош шаарынын мэриясы жана шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.
Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат