Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19 жана 21-23-август күндөрү Кыргызстандын аймактарында нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

"Бул күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Күн салкындайт. Дем алышка карата аба ырайы