Кыргыз циркинин артисттери эл аралык фестивалда эки коло медаль алышты

Фестивалга 100дөй мамлекеттин артисттери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери цирк өнөрү боюнча эл аралык фестивалда эки коло медаль жана атайын сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу цирктен билдирди.
"Эхо Азии — 2022" иш-чарасы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн.
1 / 2

Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери цирк өнөрү боюнча эл аралык фестивалда эки коло медаль жана атайын сыйлыктарга ээ болушту.

2 / 2

"Эхо Азии — 2022" иш-чарасы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн.

Бир медалды Фархат Төлөков башында турган акробатикалык "Аят" тобу алган. Алар көрүүчүлөргө жакканы үчүн да атайын сыйлыкка ээ болушкан.
Экинчи коло медалды Алмаз Алжанов жетекчилик кылган "Алмаз" жонглерлордун труппасы утуп, Венгрияда өтө турган фестивалга чакыруу алышкан.
Акробатикалык Sky дуэти Шымкент циркинин атайын сыйлыгына татыганы айтылды.
Фестивалга Кыргызстан, Франция, Израиль, Венгрия, Монголия, Вьетнам, Россия, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана башка 100дөй мамлекеттин артисттери катышкан.
Радио
Кубанычбеков: кыргыз цирк өнөрпоздору чет өлкөдө жогору бааланат