Курултайга 1000 адам чогулуп, кандай маселелер талкууланары айтылды

Ар бир айыл өкмөттөн экиден делегат, мигранттардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү келет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобону бекитти. Ал курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
Курултай элдик өкүлчүлүктүн коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү жана байкоочу чогулушу болуп эсептелинет. Президент Элдик курултайда өлкөдөгү иштин абалы. ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө кайрылуу жасайт. Натыйжада чечим кабыл алынып, бийлик органдарына сунуштама катарында жиберилет.
Төмөнкү маселелер талкууланат:
Кыргыз Республикасын гуманитардык-маданий жактан өнүктүрүү;
улуттук маданиятты, тилди өнүктүрүү жана кыргыздардын улуттук мурасын кайра жандандыруу;
Кыргызстан элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилеси;
экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды чечүү;
улуттук каада-салт менен үрп-адаттарды заманбап жашоонун чындыктарына ыңгайлаштыруу.
Курултайды өткөрүүнүн жана делегаттарын шайлоонун тартиби
Элдик курултай бир жылда бир жолу өтөт. Президенттин демилгеси же Курултайдын Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча кезексиз отурум чакыртылышы мүмкүн.
Элдик курултай 1000 делегаттан турат, анын ичинде:
452 айыл өкмөттүн ар биринен экиден (904 делегат);
облустук маанидеги 12 шаардан экиден жана райондук маанидеги 18 шаардан бирден (42 делегат);
Бишкек шаарынан 10 жана Ош шаарынан алты (16 делегат).
чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;
конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.
Аймактардагы делегаттар жергиликтүү курултайларда шайланып келет. Мигранттар арасынан ал жакта иштеп жаткан коомдук уюмдар тарабынан тандалып, делегаттар бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Төмөнкүлөр делегат боло албайт:
Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
чет мамлекеттин жарандыгы барлар;
соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылгандар;
мурда соттолгондор;
жашы жете элек адамдар.
21 делегаттан аксакалдар кеңеши түзүлөт. Курамына Элдик курултайдын төрагасы, анын тогуз орун басары, катчысы жана 10 мүчөсү кирет.
Белгилей кетсек, Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам Жапаров аны өз жарлыгы менен чакырып жатканын билдирген. Болбосо өткөрүүнүн жол-жобосу мыйзам менен белгилениши керек эле.
Натыйжада курултай ушул күздүн 25-ноябрында өтө турган болду.
Эртең аткаминерлер түз эфирде элдин суроосуна жооп берет. Жетекчилердин тизмеси