Президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдеши Нарында өтөт

Оюндар 24-августта башталып, финалдык беттеш адаттагыдай эле 31-августта болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдеши быйыл Нарын облусунун Эмгекчил айылында өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясы билдирди.
Республикалык турнир 24-августта башталып, финалдык беттеш адаттагыдай эле 31-августта болмокчу. Бул ирет Биринчи лигадагы 19 команда күч сынашат.
Жогорку лигадагы төрт команда президенттин кубогуна катышпай турган болду. Себеби ал улакчылардан улуттук команда куралып, Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчөмөндөр оюндарына даярданып жатышат.
Ал эми буга чейин Жогорку лигага чыккан "Бакубат Талас" жана "Алай" командалары кайра Биринчи лигага түшүп, оюн көрсөтүшөт.
Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат