Эртең Бишкектин бир бөлүгү электр энергиясыз калат. График жана тизме

Электр кубаты жабдууларды оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Эртең, 19-августта, Бишкектин бир катар райондорунда электр кубаты өчүрүлөрүн Чүй электр тармактар ишканасынан кабарлады.
Энергетиктер кабелдерди тартып, жабдууларды оңдоп-түздөп, дарактардын өсүп кеткен бутактарын кыркып жана башка зарыл болгон иштерди жасашарын айтышты.
Электр энергиясы төмөнкү жерлерде өчүрүлөт:
9:00 - 17:00 — 4-кичи райондогу №1 үйдө, Интергельпо, Турусбеков, Фрунзе көчөлөрүнүн, Жибек жолу проспектисинин тилкелеринде;
Ак-Өргө жана Ала-Тоо (Ашар, Саринжи-Бөкөй, Огуз-Ата, Күн, Ай көчө, Арабаев, Жетиген, Өмүракунов, Алыкулов, Ара-Көл, Улуу-Тоо, Макмал, Терек-Сай, Бештектир көчөлөрүндө) конуштарында;
9:30 - 17:00 — Лермонтов, Целиноград жана Фрунзе көчөлөрүнүн тилкелеринде;
9:00 - 16:00 — Үмөталиев көчөсүндөгү № 11 жана Чокморов көчөсүндөгү № 246 үйдө;
9:30 - 18:00 — Көк-Жар (Коңорчок, Достоевский, Чар көчөлөрүндө) конушунда;
9:00 - 12:00 — Тунгуч кичи районундагы №6, 21, 36, 39 үйлөрдө.
Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты