Радио

Иманкулов: диндердин өнүгүү тарыхы сабагын быйыл 9-класстар гана окуйт

Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы Муратбек Иманкулов диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү диний саясаттын бир бучкагы экенин белгиледи.
Sputnik
Мектептерге диний билим берүүнү киргизүү үчүн даярдык көптөн бери көрүлүп келген. Алгачкы демилгелер мындан 14 жыл мурун мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн. Бул тууралуу Муратбек Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул предметти 9-класстарга киргизүү пандемияга байланыштуу токтоп калган.

"Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы шашылыш киргизилүүдө деген пикир туура эмес. Анткени аталган маселе 2008-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Учурунда диний билим берүү маселеси кеңири талкууланган. 2014-жылдын 3-февралында Коргоо кеңешинин "дин маданиятынын тарыхы курсу кирсин" деген чечими чыккан. Ошол эле жылдын 7-февралында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аталган предмет киргизилсин деген жарлыгы чыгып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилген. Ошол жылы Коргоо кеңешинин тапшырмасы менен тийиштүү концепция иштелип чыкты. Ага ылайык, автордук жумушчу топ түзүлүп, "Дин маданиятынын тарыхы" деген китеп дин өкүлдөрү менен талкууланган. 2017-жылдын августунда өкмөттүн 544-токтому менен аталган сабакты 56 мектептен сынактан өткөрүү менен окуу процесине киргизилсин деген чечим кабыл алынган. Анын натыйжасында коомчулуктун пикирин эске алып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу ал предмет киргизилбей токтоп калган. Анан быйыл президент атайын буйрук чыгарып, 7-8-9-класстарга кирсин деген. 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучуларына бул предмет кирет. Анын китеби мурда чыгып, үч жолу сынактан өткөн", — деди Иманкулов.

Ал 7-8-класстын китептери даярдалып, сынактан өткөндөн кийин окуу процессине киргизилерин кошумчалады.