Искусствого айланган боди-арт. Кызыктуу 10 сүрөт

Колумбияда боди-арт боюнча Pinturas que Palpitan деп аталган фестиваль өттү. Sputnik Кыргызстан искусство майрамынан алынган ирмемдерди тартуулайт.
Sputnik
Ачык асман алдында өткөн иш-чарага жүзгө чукул сүрөтчү жана 50гө чукул модель катышкан. Боди-арттын адистери адамдын денесине искусствонун үлгүлөрүн түшүрдү. Pinturas que Palpitan фестивалы боди-арт боюнча Колумбиядагы ири иш-чара болуп калды.
1 / 10

Боди-арт — адамдын денесин кооздоо өнөрү. Авангарддык багыт өткөн кылымдын 60-жылдарында пайда болгон.

2 / 10

Кыздын денесине сүрөт тартып жаткан художник

3 / 10

Колумбиядагы боди-арттын катышуучусу

4 / 10

Боди-арт искусствосу адамдар ритуалдар менен кишинин денесине сүрөт тарткан байыркы мезгилде эле пайда болгон дешет

5 / 10

Фестивалда ар кыл ыкмаларды пайдаланышты. Денени гипс менен капташты, боектордун түрдүү ыкмаларын колдонушту.

6 / 10

Сүрөтчүлөрдүн берилгендик менен иштеп жаткан ирмемдеринин бири

7 / 10

Азыркы заманда боди-арт искусствонун бир түрү катары кабыл алынып калды

8 / 10

Денеге сүрөт тартуу кооптуу эместигин жана ал эч кандай деле ыңгайсыздыкты жаратпай турганын айтышты

9 / 10

Сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган искусство чыгармасы

10 / 10

Сүрөттөр оңой өчүрүлөт, тагыраагы, аны жууп салса болот