"Иш ордунда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылуу көйгөйү биздин өлкөдө да кездешет, тилекке каршы, кызматкерине жетекчи тарабынан ыдык көрсөтүлгөн учурлар арбын. Биз республикадагы беделдүү компаниялардын кызматкерлерине изилдөө жүргүзгөнбүз. Ага 300гө чукул адам катышкан, 60 пайызы аялдар, 40 пайызы эркектер болду. Жумуш ордунда сексуалдык зордук-зомбулук жөнүндө билесизби деген сурообузга аял-кызматкерлердин 36,5 пайызы, эркектердин 18 пайызы кабардар экенин айтышкан. Жалпы катышуучулардын 32 пайызы жетекчиси кыйкырып урушуп, жаман сөз айтып же сөгүп жиберерин ачыкташкан. Ал эми аял-кызматкерлердин 20 пайызы жумуш ордунда түздөн-түз сексуалдык ыдык көргөнүн, анын ичинен 15 пайызы кучактап, кармалап, өпкүлөп жиберген учурлар болгонун, дагы 10 пайызы жетекчиси интернет-байланыш аркылуу уят видео, сүрөт же башка материалдарды жиберип кызыгуусун билдиргенин айтышкан. Сурамжылоого 20 жаштан 65 жашка чейинки кызматкерлер катышкан. Ошондой эле жалпы эмгекчилердин 1,5 пайызы жетекчиси уруп, чаап жиберерин белгилешкен. Ал эми өлкөдөгү сот аялдар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоого 900 аял катышса, анын ар бир төртүнчүсү жумуш ордунда тигил же бул деңгээлдеги сексуалдык ыдык көргөнүн билдирген, ар бир бешинчи студент кыз да ушундай окуяларга дуушар болушарын айтып беришкен", — деди Карачалов.