БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү алардын демилгесин колдогон мамлекеттердин катары суюлуп жатканынан кооптонуп БУУга Москвага каршы жаңы чектөөлөрдү сунуштабайт. Бул туурасында Батыш ЖМКларынын жазганына таянып РИА Новости билдирди.
Басылмага маек берген дипломаттардын айтымында, Россияны ачык сындоодон баш тарткан мамлекеттердин катары калыңдоодо.
"Айрым учурда Батыш өлкөлөрү аларды колдогондор аз болуп калат деген кооптонуу менен конкреттүү кадамдарга баруудан сестенет. Себеби добуш берүүдө Москвага каршы позициясын ачык билдирүүдөн карманган өлкөлөрдүн катары калыңдады", — деп жазылат макалада.
Ал эми БУУ университетинин илимий кызматкери Ричард Гован күн өткөн сайын Россияны жазалоонун акылга сыярлык ыкмасын табуу татаалдашып жатканын билдирген.
"Россияга каршы чараларды колдогондор азаят, анткени БУУнун март айындагы резолюциясы жогорку чекитти көрсөттү. Эгер кызыл чектен өтүп кетпесе эч ким андан аркы аракеттерди күтүп отурган жок", — деп айткан жогорку даражалуу азиялык дипломат.
Февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюна атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей, эсептерди жаап коюшканын жар салды, айрымдары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө да олуттуу зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле оодарып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.