Айдоочулардан акча өндүрүп. Баткенде кармалган кызматкерлердин видеосу

Жол милициясынын кызматкерлери башка адамдар менен биргелешип ири жүк ташыган автоунаалардын айдоочуларынан акча өндүрүп турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Коррупцияга шектелип Баткен облусундагы Кадамжай райондук ЖКККББдин кызматкерлери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Тергөө учурунда шектүүлөр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка адамдар менен биргелешип жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан акча өндүрүп турушкан деп айтылды.
"Мындан улам алар товарларды контрабанда жолу менен ташып келүүгө шарт түзүшкөн", — деп айылат билдирүүдө.
УКМКчылар жол милициясынын үч кызматкерин жана бир жай жаранды кармашкан. Алар Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Маалыматты иликтөө уланып жаткандыгын, бул кылмышка тиешеси барлар аныкталып жаткандыгы айтылган.
Милиция же аткаминер акча сурап жатабы? УКМКнын кайрылчу номерлери