Балбан Нурзат Нуртаева U-20 дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды

Чемпионат ушул тапта Болгарияда өтүүдө. Спортчу 68 килограмм салмактагылар арасында кармашат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева 20 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтында жазылды.
Мелдеш ушул тапта Болгарияда өтүүдө.
Нуртаева финалга чейин молдовалык, италиялык жана германиялык атлеттерди жеңген. Алтын үчүн кармашта япониялык спортчуга 0:4 эсебинде утулуп калды.
Спортчу 68 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Кыргызстанда бул салмакта чоңдор арасында Мээрим Жуманазарова күч сынашып келет.
Ислам оюндарында алтын уткан балбан кыздар кайтып келишти. Сүрөт