Эртең аткаминерлер түз эфирде элдин суроосуна жооп берет. Жетекчилердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров буга чейин өкмөттүн жыйынында мамлекеттик органдарга социалдык тармактарга түз чыгып, кыргызстандыктарга аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Мамлекеттик органдар социалдык тармактар аркылуу калктын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров буга чейин өкмөттүн жыйынында мамлекеттик органдарга социалдык тармактарга түз чыгып, кыргызстандыктарга аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүүнү тапшырган.
Президенттин пикиринде, мындай жол менен жарандардын алдындагы жоопкерчилик күчөп, элди мамлекеттик башкаруу процессине кеңири камтууга шарт түзөт.
Төмөндө жетекчилердин 19-август күнү социалдык тармактарда түз эфирге чыгуу графиги:
9:00 – өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. Жооптуу кызматкердин номери 0778-83-50-00;
11:00 – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейинов. Жооптуу кызматкердин номери 0990-30-11-31;
15:00 — экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов. Жооптуу кызматкердин номери 0550-90-01-30;
15:00 — санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров. Жооптуу кызматкердин номери 0 509 888 011;
15:00 — Социалдык фонд. Жооптуу кызматкердин номери (жооптуу адам: Абдылдаев А.) 0550 28 96 77.
Садыр Жапаров: курултайга делегат тандоого аткаминерлер катышпайт