Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина бийлиги Крым көпүрөсүн кыйратуу ниетинде

Бул үчүн Киев АКШдан алынган ракеталарды пайдаланышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Украина жетекчилиги Крым көпүрөсүн кыйратууну пландап жатат. Бул тууралуу президент Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк Guardian басылмасына маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарым аралды Россиянын калган аймагы менен байланыштырган артерия "мыйзамсыз". Подоляк көпүрөнүн аскердик мааниси өтө олуттуу деп эсептейт.
"Мындай объектилер жок кылынышы керек", — деген аткаминер.
Ошол эле учурда ал украин армиясы Крым көпүрөсүнө чабуул коюуга кантип аракет көрөрүн тактаган эмес.
Киев Крым көпүрөсүн кыйратуу ниетин биринчи жолу айтып жаткан жок. Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович "техникалык мүмкүнчүлүк пайда болору менен" чабуул жасаларын айтып келет. Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын өкүлү Вадим Скибицкийдин айтымында, бул үчүн Киев АКШдан алынган ракеталарды пайдаланышы ыктымал. Ал эми Жогорку рада депутаты НАТОнун июндагы саммитинде Украина өкүлдөрү Крым көпүрөсүн кыйратуу планын Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен талкуулаганын билдирген.
Кремль Крымдын коопсуздугу россиялык аскерлер тарабынан камсыздаларын, анткен менен Киевдин коркутууларынын баарын эске аларын белгилеп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Европа Украинага далысын салууда