Ысык-Көлдө жол кырсыгы болуп эки киши каза тапты. Видео

Айдоочунун 76 жаштагы апасы алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден каза болуп, өзү Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. - Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кырсык кечээ саат 17:00дөр чамасында болгон. Volkswagen Passat унаасын Ысык-Көл районунун 36 жаштагы тургуну Ш.Д. башкарып бара жаткан.
Кагылышуунун видеосун “Короче” Telegram каналы жарыялады.
"Айдоочу батыш тарапты көздөй бара жатып, рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун катуу ылдамдыкта айдап бара жатканы себеп болгон", — деп билдирди Жол кайгуул кызматы.
Айдоочунун 76 жаштагы апасы алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден каза болуп, өзү Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Калган жети жүргүнчү (үч чоң адам жана төрт өспүрүм) ооруканага жеткирилген.
Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Өзгөндөгү үрөй учурган кырсыктан 13 адам жабыркады, сегизинин абалы оор. Сүрөт