Украиналык аскерлерден олжолонгон курал-жарактын көргөзмөсү. Видео

Баш-аягы болуп куралдын 450гө чукул түрү коюлган. Арасында айбаттуу техникалар да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Москва облусунда Украиналык улутчулардын техникасы менен аталган өлкөнүн жоокерлеринен атайын операция учурунда олжолонгон куралдардын, согуштук техникалардын көргөзмөсү ачылды.
Бул туурасында видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Буюмдарды "Патриот" паркынан көрүүгө болот. Маалыматта куралдын 450гө чукул түрү коюлганы айтылды.
Бул жерге коюлгандардын көбү иштеген абалда, аларды украиналык аскерлер таштай качкан.
Көргөзмөдөн Bayraktar TB2ни, улутчулдар тарабынан жөнөкөй түрүнөн согуштук кылып жасалган дрондорду көрүүгө болот. Анан сырткары, британиялык сооттолгон Saxon, бардык жерде жүрө алган австриялык Pinzgauer 712M, түштүк африкалык ок өтпөс Mamba Mk2 жана минаны зыянсыздандырган немецтик MineWolf машинасы да бул жерде турат.
Америкалык M777 гаубица, украиналык залп менен атуучу реактивдүү системалар олжолонгон. Көргөзмөгө АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн чыккан ок атуучу куралдар, танкага каршы ракеталык комплекстер, "Точка-У2" ракеталарынын сыныктары да коюлган.
Келгендер Javelin комплекстерин, танкага каршы NLAW, француз-германдык Milan жана америкалык сүйрөп жүрүүчү зениттик-ракеталык Stinger комплексин көрө алышат.
Экспонаттардын алдына алардын кайсы жерден кандай шартта алынганын жазып илип коюшкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Туткундалган украин жоокерлери өз куралдаштары аларга ок жаадырганын айтып беришти