БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Талибандын" Афганистанда баңгизат өндүрүшүнө каршы күрөшүп жатканына карабастан, алар бийликке келгенден бери Борбор Азия өлкөлөрүнө "түндүк маршрут" боюнча баңгизаттын агымы бир топ көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар боюнча департаменттин директору Владимир Тарабрин билдирди.
"Талибан" кыймылы 2021-жылдын августунда бийликке келгенде баңгизаттарга каршы күрөшүү планын жарыялаган. Атургай апрелдин башында апийим өстүрүүгө тыюу салган документ жарык көргөн. Бирок ошол эле айдын экинчи жарымында өлкөнүн түштүгүндө апийимдин түшүмүн жыйноо башталды. Аны менен катар "түндүк маршрут" аркылуу мыйзамсыз жүгүртүүнүн көлөмү бир кыйла өстү", — деди Тарабрин.
Анын айтымында, 2022-жылдын биринчи кварталында Тажикстанда (Афганистандан алып келинген) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5 эсе көп баңгизат табылган.
"БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эсебине ылайык, 2021-жылы Афганистан 6 800 тоннага жакын апийим өндүрүп, андан түшкөн кирешенин көлөмү өлкөнүн ИДПсынын 14 пайызын түзгөн", — деди адис.
2021-жылдын август айынын башында "Талибан" кыймылы Афганистан өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган. Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандары жана алар менен кызматташкан афгандыктар массалык түрдө эвакуацияланган.
* террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.