Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда эки судьяны иштен алды. Себеби

Судьялар боюнча сунушту мамлекет башчыга Соттор кеңеши киргизгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү эки соттун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Соттор кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова менен Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду", — деп кабарлашты.
Маалыматта мындай чечим судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн кабыл алынгандыгы айтылган.
Садыр Жапаров: соттордун ишмердүүлүгүн баалаган институт түзүш керек