Радио

Төлөбеков: өлкөдө "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластери өткөрүлөт

Кинопродюсер, "Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластеринин координатору Талант Төлөбеков Ысык-Көлдө төрт күн бою Россия менен Кыргызстандын кино адистеринин кинокластери өтөрүн айтты.
Sputnik
Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Бишкекте өткөн I Евразиялык экономикалык форумунда өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу жүргөн эле. Ошондо Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссёр Никита Михалков да келип, Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, өлкө аймагында бир-эки долбоор өткөрүүнү сунуштаган болчу. 18-августта биринчи иш-чара "Ысык-Көл – тынчтык көлү" кинокластерин өткөрөбүз. Бул тууралуу Талант Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кинокластер Кыргызстанга чоң инвестицияларды алып келет.
"Ысык-Көл — тынчтык көлү" кинокластери Россия Федерациясынын кинематографисттер союзу, Кыргызстандын кинематографисттер союзу жана "Ак Илбирс" Борбордук Азия кинематографиялык искусство академиясы тарабынан уюштурулууда. Анда "Евразиянын заманбап киноиндустриясы" деген темада тегерек стол, кыргыз кинорежиссёрлорунун долбоорлорунун бет ачары, тасмаларды көрсөтүү жана кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу пландалууда. Долбоордун идеясы Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында, Россия менен Кыргызстандын киноиндустриясынын өкүлдөрү күчтөрдү бириктирип, режиссёрлордун профессионалдык жана чыгармачылык байланыштарын калыбына келтирүүгө багытталган кадамдарды жасоону пландаганда пайда болгон. Бул иш-чарага Россиянын көрүнүктүү продюсер, режиссёр, редакторлору келишет. Кыргызстанды кино тартууга ылайыктуу жер катары таанытуу үчүн турне уюштуруудабыз", — деди Төлөбеков.
Ал кинокластерде Евразия киноакадемиясы менен киносыйлыгын негиздөө идеясы да караларын кошумчалады.