Биринчи жолу! Ошто таштандыларды сорттоо долбоору ишке кирди

Жалпысынан шаар боюнча 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстанда биринчи жолу таштанды сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуучу стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Ош шаарында Кыргызстанда биринчи жолу таштанды сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуучу стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди

2 / 3

Участок Араван кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулган

3 / 3

Участок Араван кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулган

Участок Араван кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулган.
"Аянтта туруктуу негизде диспетчер иштейт, ал тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгаруу маселесин көзөмөлдөйт", — деп билдиришти муниципалитеттен.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов долбоордун шаардын экологиялык фонун жакшыртуудагы маанисин белгиледи.
Жалпысынан шаар боюнча 10го жакын стационардык участокторду орнотуу пландалууда. Долбоорду "Ош-Тазалык" ишканасы ишке ашырууда.
Бишкек мэриясы 30 атайын техника алууну пландап жатат