БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары кылдаттык менен пландаштырылган чагымчылык болгон деген сөзүн Кытай жогору баалайт. Бул тууралуу КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинге шилтеме РИА Новости жазды.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы эл аралык коопсуздук боюнча X конференцияда Пелосинин Тайванга сапары катардагы саясатчынын жоопкерчиликсиз сапары эмес, атайын пландаштырылган чагымчылык экенин айткан.
"Кытай Россиянын президенти Владимир Путиндин позициясын жогору баалайт. Анын айткан сөздөрү Кытай менен Россиянын стратегиялык кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт. Ошондой эле Пелоси Тайванга баргандан бери 170тен ашык өлкө өзүнүн калыстыгын билдирип, "бирдиктүү Кытай" принцибине берилгендигин ырастады", — деди Ван Вэньбинь.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечти.